АВТОР ТУУРАЛУУ

Абдулаев Ахмад Магомедович, Дагестан Республикасынын муфтийи, Аалымдар кеңешинин төрагасы, Накшбанди жана Шазалия тарикатынын шейхи. Дагестан мусулмандарынын руханий лидери. Шейх Ахмад Афанди 1959-жылы 15-сентябрда (мусулман календары боюнча, 1379-жылдын рабиʾ аль-аввал айында) Дагестан АССРинин Гумбетов районундагы Инхо айылында жарык дүйнөгө келген.
Шейх, өз динине берилген, анын мыйзамдарын кыйшаюусуз карманган үй-бүлөдө төрөлүп, өскөн. Муфтийдин чоң атасы Абдулахамид-афанди да, тамыры куттуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга барып такалган Накшбанди жана Шазалия тарикатынын шейхи болгон.
Диний ишмердүүлүгү
Ахмад афанди Ислам илимин алгач чоң атасынын жетекчилиги астында ала баштаган. Андан соң Дагестандын түрдүү аалымдарынан дин илимдери боюнча окуусун өркүндөткөн.
Шейх Ахмад 1991-жылдан тарта Кизилюрт районунда имам мечити болуп иштей баштаган. 1992-жылы Кизилюрт шаарындагы Ислам институтунда ректорлук кызматты аркалап, аны менен бирге педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. 1998-жылы шейх Ахмад Дагестан аалымдар жыйынында Дагестан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болуп тандалган.
2010-жылы Шейх Афанди руханий насихатчы даражасы боюнча Шейх Саидден расмий инвеститура – иказа алган.
2013-жылы Дагестан муфтийи Ахмад-афанди «Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын салам-салаваттары болсун) касиеттүү буюмдарын сактоочу» деген ардактуу наамга ээ болгон.
Библиография
2015-жылы шейхтин калемине таандык «Такыбалардын адеп-ахлагы» китеби араб тилинде жарык көргөн. Андан соң ал 10дон ашык тилге, анын ичинде орус, англис, француз, түрк, башкыр тилдерине которулган. Бул эмгек, адеп-ахлакты жакшыртуучу көрсөткүч катары мусулмандар коомунда кеңири болуп калды. Бул китеп боюнча видеосабактар жана аудиолекциялар жыйнактары жарык көрдү. Мындан тышкары, шейх Ахмад-афанди мусулмандардын алдына диний баяндар менен чыгып турат. Дагестан муфтийинин жетекчилиги алдында көптөгөн социалдык объекттер ачылып, ишмердүүлүк жүргүзүлүп келет.
Жараткан Алла ардактуу муфтийди колдоп, анын берекесине бизди да ортоктош кылсын!