МУФТИДИН СӨЗҮ
КР МУФТИЙИ АБДУЛАЗИЗ КАРЫ ЗАКИРОВДУН БАШ СӨЗҮ
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын ысымы менен!
Урматтуу окурмандар!
Дагестандын муфтийи шейх Ахмад ажы Абдулаевдин жагымдуу таасир калтырган «Такыбалардын адеп-ахлагы» китеби тууралуу ой-пикирим менен бөлүшкүм келет. Бул эмгек инсандын мүнөзүн жакшыртуучу, руханий жактан өңгүтүүсү үчүн баалуу колдонмо болуп саналат.
Замандаш коомдун шартында кулк-мүнөздү оңдоо жана ыйманды бекемдөө – өтө маанилүү. Шейх Ахмад, жүрүм-турумду жакшыртуу, руханий жактан өсүү жана ички кемчиликтерден арылуу боюнча так көрсөтмөлөрдү сунуштайт. Автор, адамды диндарлык менен изгиликтен алыстаткан көрө албастык, текебердик, ачкөздүк сыяктуу терс сапаттар менен күрөшүүнүн зарылдыгына басым жасайт.
Китеп, жүрөктү жана ички дүйнөнү тазалоонун маанилүү маселелерин, ошондой эле, Аллага моюн сунуу, баш ийүү жана чын ыкластуулукка умтулуу ыкмаларын камтыйт. Бул сапаттар коомдо гармонияны камсыздап, адамдар менен болгон мамилени жакшыртууга пайдалуу болуп берет.
Мыкты инсан болууга аракет кылып, жан дүйнөсүн тазалоого умтулган жана эки дүйнөлүк чыныгы бакытка жетүүнүн жолун издеген ар бир адамга ушул китепти окууну сунуштайм.
Алла Таала бул эмгекти жазган Ахмад ажы Абдулаевден ыраазы болуп, мусулмандар үчүн кылып жаткан зор эмгегин улантууга ага күч-кубат ыйроолосун! Шейх мындан ары да ыйманды бекемдөөгө, адамдык сапаттарыбызды жакшыртуу жолунда бизди шыктандырууну уланта берсин!
Жараткан ар бирибизди акыйкат жолго салып, эки дүйнөлүк бакыттуулукка насип кылсын! Оомийин!
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи
Абдулазиз кары Закиров