
КИРИШ СӨЗ
Бул дүйнөдө бардыгына, ал эми Кыямат күнү ыймандууларга гана ырайымдуу Алланын аты менен!
Бардык мактоолор ааламдардын Жаратуучусу Алла Таалага болсун! Алланын саламы жана салаваты бардык пайгамбарлардын жана элчилердин төрөсү Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнгө чейин анын жолун жолдоочуларга болсун.
Жакшы мүнөз диндин түркүгүнөн жана анын талашсыз акыйкатынан экендиги – жашыруун эмес. Адамдардын адеп-ахлактык негизи канчалык бийиктеген сайын, коом дагы ошончолук кынтыксыз болот. Ал эми адеп-ахлак бузулганда балээлер жиберилет. Ошондуктан, коомго жак-шылык каалоочу адам өзүнүн адеп-ахлагына көз салып жана аны жакшыртууга аракет кылуусу абзел.
Бүгүнкү күнү өзүнүн тегерегине абай салып, көз чап-тырган ар бир адам кулк-мүнөздү төмөндөтүп, ыйманды алсыратуучу, бузукулуктарды таратуучу жана жүрөктөгү кайрымдуулукту өчүрүүчү кыйынчылыктар менен балээ-лерди, сөзсүз, көрөт. Андыктан, элди жакшы кулк-мүнөзгө үндөп, мусулмандардын жүрүм-турумун көркөм кылууга жана напсини тазалоого чакыруу үчүн ушул китепти жазуу зарылдыгы келип чыкты.
Жараткан Алла Тааладан бул китеп адамдарга пайда берип, алардын кулк-мүнөзүнүн оңолуусуна себепчи болуусун суранам. Анткени, Ал – Кожоюнубуз, биздин бардык суранычыбызды Билүүчү, Угуучу жана ага жооп Берүүчү!